7 миллионунчу кыргызстандыкка удаа төрөлгөн ымыркайга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров барып, анын үй-бүлөсүнө президенттин атынан 200 миң сомдук сертификатты сүйүнчү катары тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Баланын атын Хамза коюшту. Ал 19-октябрда саат 2:25 мүнөт 40 секундада төрөлгөн. Мэр кичинекей бишкектикке жана анын ата-энесине чын ден соолук каалап, белектерин тапшырды», — деп айтылат маалыматта.