Бишкекте агасы 10 жаштагы инисин ойнотуп жүрүп таппай калган

Кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланы таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

23-сентябрда саат 21:50 чамасында “102” кызматына Лермонтов жана Көлбаев көчөсүнөн бала жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, 1999-жылы туулган жаран өзүнүн 10 жаштагы бир тууган инисин үйүнөн ойноп чыгып, таппай жүргөндүгүн айткан. Инисин “Арзуу” кафесинин жанынан таап, андан туугандарына сак-саламат жеткирип беришкен.