Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарынын митинги өтүүдө. Анда тынчтык митингине чогулган айыл тургундары ичүүчү суу маселесин чечип берүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Бул тууралуу T-Media социалдык тармактагы түз эфиринде жарыяланды.
«Урматтуу Садыр Нургожоевич, биз Таш-Дөбө айылынын тургундарыбыз. Айылдын калкы жылдан жылга көбөйүүдө, бирок суу жетишсиз. Бардык түтүктөр, скважиналар эскирген. Айлабыз жок сизге кайрылып, бизге көңүл бурууңузду суранабыз. Суусуз отуруу абдан оор болуп жатат», — деди митингдин катышуучуларынын бири.
Таш-Дөбө айылынын дагы бир тургуну белгилегендей, бийлик көп жылдан бери таза суу түтүктөрүн реконструкциялоону убадалап, бирок аны аткарбай келишет.