Бишкекте «Алымкадыр Бейшеналиевди кызматында калтыргыла» дегендер митингге чыгышты

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон митинг өттү. Митингге чыккандар Бейшеналиевди кайра кызматка коюуну талап кылышып, «реформасын улантсын» дешти.

Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан бошотулган. Ал ошол эле күнү Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» реабилитациялык борборуна жетекчи болуп дайындалган. Кийин белгисиз мөөнөткө өлкөдөн чыгып кете турганын айткан.