Бишкекте апасы, кызы жана уулунун киши колдуу болушу. Үрөй учурган видео тарады

16-февралда Бишкекте 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. ИИМден бүгүн, 17-февралда кылмышка шектүү кармалганын билдиришти. Бишкек шаарынын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилген.

Бүгүн, 17-февралда социалдык тармактарда окуя болгон жердеги көзөмөл камераларда тартылган видео жарыяланды. Видеодон кыздын терезеден кулап түшкөнү, аны эркек киши кайра тепкичте көтөрүп кирип бара жатканын көрүүгө болот.