Бүгүн, 8-майда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик парады өтүп жатат.
Иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жатат жана ага мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков да келди. Ошондой эле, Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров, ишкер Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары, башка расмий адамдар катышып жатышат.