Бишкекте ата-энеси жокто 5-кабаттагы терезеге чыгып алган эки наристени куткаруучулар түшүрүштү

Бишкекте ата-энесинин көзөмөлүсүз калган 3 жана 5 жаштагы кыздар 5-кабаттагы терезеде ойноп жатышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 7-июнда Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы терезеде 3 жана 5 жаштагы кыздар ойноп, көзөмөлсүз жана кооптуу тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу ыкчам түрдө жерине жетип, наристелерди алып түшүү аракетин көрүшкөн. Тартылган куткаруучулар 9-кабаттан 5-кабатка атайын альпинисттик шаймандын жардамы менен 2 кызды куткарып калышкан. Алар ИИМдин кызматына өткөрүп берилди. «Кичинекей кыздар ата-эненин көзөмөлүсүз калган», — деп айтылат маалыматта.