Бишкекте ата уулун 2019-жылдан бери издеп келет

Бишкектин Свердлов РИИБи тарабынан Зиниев Дмитрий Шевкетович изделип жатат. Бул тууралуу Свердов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылы милицияга эркек киши кайрылып, анын 1974-жылы туулган уулу 2019-жылы март айында Аламүдүн-1деги үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 103-102, 0 (701) 28-28-19, 0 (557) 11-94-10 жана 102 номурларына чалсаңар болот.