Бишкекте аялдардын укугун коргоого багытталган жөө жүрүш өтүп жатат

Бүгүн, 8-мартта Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте аялдардын укугун коргоого багытталган жөө жүрүш өтүп жатат. Бул жолку жөө жүрүш “Тынчтык! Март! Марш!” деп аталып, ал «Россия» кинотеатрынан башталып, Революция баатырларынын эстелигинин жанында аяктайт.

Иш-чара соңку жылдары жыл сайын өтүп келет.