Жогорку Кеңештин 31-октябрындагы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте бассейнге чөгүп каза болгон 20 жаштагы жигиттин апасы менен сүйлөшкөнүн айтты.
«Мага баланын апасы кайрылган. Бир жума мурун «Жаштык» бассейнде жаш бала каза болуп калды. Милиция тергөө жүргүзгөн жок. Ар кандай милиция бар экен. Алар ЖМКларга апасы арыз жазган эмес дешти. Апасы андай эмес экенин айтты. «Мен арыз жазам десем, жок жазбай эле кой деп жатышат» деди. Видеону эч ким карабаптыр. Милиция карабай жатат. Прокуратура карап көрсүнчү ушул маселени»,- деди депутат.
Буга чейин Октябрь РИИБ маалымат таратып, Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан бассейндердин бирине жаш жигит чөгүп каза болгондугун билдирген.
Милицияга 22-октябрда саат 19:40та чакыруу түшкөн. Бул факты каттоого алынган. Милиция каза болгон жигиттин 20 жашта экенин тактаган. «Жигиттин апасы эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан»,- дешкен милициядан.
29-октябрда Октябрь РИИБге кайрылганыбызда, каза болгон жарандын апасы 28-октябрда арыз менен кайрылганын билдиришти. «Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен акыркы юридикалык баа берилет», — деп айтылган маалыматта.