Бишкекте белгисиз адам элчиликке коюлган бомба тууралуу кабарлаган. Маалымат жалган болуп чыкты

Бишкекте белгисиз адам Беларустун Кыргызстандагы элчилигине бомба коюлганын кабарлаган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анонимдүү билдирүү кечээ, 1-октябрда саат 17:00 чамасында түшкөн. 

«Тергөө-ыкчам тобу, Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана Бишкек ШИИБдин башкармалыгы чакыруу болгон жерге барышкан. Адамдар имараттан эвакуацияланды, аймак курчоого алынды. Текшерүү учурунда бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин «Терроризм актысы» беренеси боюнча каттоого алынган, бардык чогултулган материалдар иликтөө үчүн өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.