Бишкекте беш троллейбус каттамы убактылуу иштебейт

Бишкекте беш троллейбус каттамы убактылуу иштебейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги троллейбус линияларына бак кулаган.

Буга байланыштуу №4, 7, 8, 9 жана 10 маршруттук каттамдар убактылуу токтотулган.

Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Алардын качан бүтөрү азырынча белгисиз.