Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекте өзүнө күйөө издеп жүргөн кыздын видеосу менен бөлүшүшкөн. Негизги шарты – түгөй болчу жигиттин санарип документтери болушу керек эле.
Видео менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги да соцтармактагы баракчасына бөлүшүп, министрлик дал ушундай жол менен Бишкектин тургундарына «Түндүк» тиркемесинде электрондук документтер бар экенин эскерткен.
Министрлик кызга жар табылганын билдиришти. «Министрликке биздин кызды издеп жүргөн санарип документтери бар жигиттердин видеосу келип түштү. Ошол эле учурда электрондук кол коюучулардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күндө электрондук кол тамга 484 миң 777 адам алды», — дешти.