Борбор калаада биринчи жолу коомдук транспорт үчүн атайын тилке даярдалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын комиссиясынын 4-августтагы чечимине ылайык, 12-кичи районундагы Токомбаев көчөсү боюнча Байтик Баатыр көчөсүнөн Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнө чейинки бөлүнгөн тилкелер үчүн (батыш жана чыгыш багытында) жолдорду уюштуруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечими кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө Транспорт департаменти тарабынан бөлүнгөн тилкелердин чийиндерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жол иштерин 1-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.