«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалганы айтылууда

Бишкекте «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. Бул тууралуу соцтармактагы баракчаларына аталган партиянын мүчөлөрү жазып чыгышты. 

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан суракка чакырылып, камакка алынган. Ал эми экс-депутат Орозайым Нарматова партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовго мындан бир нече күн мурда УКМКнын балдары эскертүү беримиш болуп, коркутууга аракет кылганын жазып чыкты. Ал эми УКМК бул боюнча маалымат бере элек.