Бишкекте дайынсыз болуп, изделип жаткан 11 жаштагы кыз табылды

Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан 11 жаштагы Алиана табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

1-июль күнү Биринчи Май РИИБге кыздын атасы кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, таап берүүнү сураган. Ал милиция тарабынан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген.

Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат.