Буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан кыздар Каракол шаарынан табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
22-апрелде Биринчи Май РИИБге аял киши кайрылып, 2011-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, жардам сураган. Кыз классташы менен чогуу дайынсыз болуп, байланышка чыкпай жаткан.
Аталган факт каттоого алынып, издөө иштери башталган. 22-апрелде кечинде Каракол шаарынын тургуну кыздарды көргөнүн айтып, телефон чалган. Кыздарды туугандары алып кетишкен. Ысык-Көл ОИИБ окуянын чоо-жайын териштирип жатышат.