Бишкекте Дмитрий Зиниев 2019-жылдан бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте Дмитрий Зиниев 2019-жылдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 22-январында Свердлов РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 1974-жылы туулган уулу Дмитрий Зиниевди таап берүүнү өтүнгөн. Ал 2019-жылдын март айында Аламүдүн-1 жаңы конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 185 сантиметр, арык, чачы кара кыска, көзү көк. Эгер кимде сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат болсо, 0702 49-8888, 0557 11-94-10, 0709 33-24-63, 0704 300-843 номурларына кабарлап койсоңуздар болот.