Борбор калаада жолдордогу тыгындарды жоюу жана алдын алуу максатында Сүйүмбаев жана Гоголь көчөлөрү эки тараптуу болот. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Буга чейин Гоголь көчөсү Сүйүмбаев көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу эки тараптуу болгон.