Бишкекте эне тил күнүнө арналган фестиваль өткөрүлдү (сүрөт)

Бишкек шаарында “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында “Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” аталышындагы шаардык фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Фестивалда «Эл аралык эне тил күнү» деп жарыяланып калгандыгы тууралуу, ошондой эле бул күн 2000-жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар бир улуттун тилин сактоо жана коргоо максатында эне тил күнү катары майрамдалып келе жаткандыгы айтылып, бул күн көп улуттуу Кыргызстанда да жыл сайын белгиленип жаткандыгы жөнүндө сөз болду.

Конституцияга ылайык, кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жана орус тили расмий тил болуп саналат. Ошол эле учурда, бардык этностордун өкүлдөрүнө өз эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берилген.