Бишкекте эркек киши өзүнүн өмүрүнө кол салууга аракет кылды

Бүгүн, 5-апрелде саат 07:30 чамасында Бишкектин Түгөлбай Ата көчөсүндө жайгашкан үйдө өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган даректе 1997-жылы туулган жаран болгон. Жерине ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын өздүк курамы тартылып, куткаруучулар жаран менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң бекилген эшикти ачтырышкан. Ошол эле учурда ага биринчи жардам көрсөтүлүп, тийиштүү кызматка өткөрүп берилген.