Бишкекте «Эркиндик үчүн!» жөө жүрүшү өтүп жатат

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте «Эркиндик үчүн!» жөө жүрүшү өтүп жатат.

Жөө жүрүш темир жол бекетинен башталып, «Ала-Тоо» аянтынан аяктайт. Анда журналисттер жана жарандык активисттер иликтөөчү журналист Болот Темировдун мекенине кайтышын талап кылышат.