Бишкекте эшиги ачылбай калган батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 11-кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга үйдүн эшиги бекилип калганы тууралуу маалымат түшкөн. «Куткаруучулар жеринде бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Каза болгон адамдын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди», — деп айтылат маалыматта.