Бишкекте фейерверк аттыруу үчүн 800 миң сомдой сарпталганы жатат

Жаңы жылга караган түнү Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында фейерверк атылат. Буга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка ылайык, фейерверк 7 мүнөттөн кем эмес убакыт бою аттырылып, анын бийиктиги 35 метрден 130 метрге чейин жетиши керек.

Өткөн жылы жаңы жылдык салют аттырылган эмес болчу.