Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылат (схема)

Бишкек шаарында “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 16-апрелинен тарта №23 жаңы автобустук каттамды ишке киргизет.

Жаңы автобус линиясынын каттамы айланма жолдон – «Бишкек авто бекетинен» башталат, ал чыгыш багытта Киргизская көчөсүнө чейин барат.

Жалпысынан 25 автобус каттайт. «А» чекитинен «Б» чекитине чейинки аралык 56 километрди түзөт. Автобустардын ортосундагы аралык 7 мүнөттөн 9 мүнөткө чейин.