Бишкекте жаран «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартты

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн өлкө аймагындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу жана профилактикалык иш-чаралардын алкагында, «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын натыйжасында 1985-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну радикалдык көз карашынан баш тарткан. Ал 2022-жылдан бери «Хизбут-Тахрир» уюмунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө ал тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирүү менен жарандарды “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.