Бишкекте жаш келин уулу жоголгонун айткан. Милиция таап берди

Кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен баланы таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 6-октябрда «102» кызматына Щербаков көчөсүндө бала жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1999-жылы туулган келин 2016-жылы туулган баласын жоготуп, издеп жаткандыгын билдирген. Милиция баланы таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришти.