Бишкекте Жеңиш майрамы кандай белгиленет? Мэриянын программасы

9-майда Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

9-майда саат 10:00 Түштүк дарбазадан “Өлбөс полк-Кыргызстан” акциясы башталат. Марштын катышуучулары төмөнкү маршрут боюнча жүрүшөт: Түштүк дарбаза – Абдрахманов — Фрунзе көчөлөрү — Жеңиш аянты. Акциянын уюштуруучулары – “Өлбөс полк-Кыргызстан” кыймылы, Коргоо министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы. Ошондой эле иш-чаралар борбордун бардык райондорунда уюштурулат.

ЛЕНИН РАЙОНУ:
8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине митинг-реквием жана гүл чамбарларды коюу өткөрүлөт.
9-майда район башчысы ардагерлерди үйүндө зыярат кылат.

ОКТЯБРЬ РАЙОНУ:
9-майда саат 18:00дө “Ынтымак-2” сейил багында шаардыктар үчүн “Жеңиш ырлары” аттуу концерт даярдалат.

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ:
1-майдан 5-майга чейин №29 МГ спорт комплексинин базасында Жеңиш күнүнүн мааракесин майрамдоого арналган «Жеңиш кубогу» жылдык спорттук турнири өткөрүлүүдө. Турнирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин балдары, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышат.
8-майда саат 10:00дө Боордош көрүстөндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.
9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада «Гармония» АК борбору майрамдык концерт өткөрөт.

СВЕРДЛОВ РАЙОНУ:
4-майда саат 13:00дө «Красный строитель» конушунун «Аул паркында» Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.