Бишкекте жергиликтүү Курултай өтүп жатат

Бүгүн, 5-октябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда Элдик курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эскерте кетсек, жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет, алар кезексиз сессиянын чечими менен биринчи жергиликтүү курултайга чакырышат.

Бишкек шаарынында квота боюнча делегаттардын жалпы саны 800 адамды түзгөн, административдик райондордун калкынын санына жараша төмөнкүдөй пропорционалдуу бөлүштүрүлгөн:
— Ленин району — 203 делегат (278,5 жашоочу);
— Октябрь району — 228 делегат (313,2 жашоочу);
— Биринчи май району — 164 делегат (225,3 жашоочу);
— Свердлов району – 205 делегат (281,4 жашоочу).

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайында добуш берүү үчүн маселелерди алдын ала талкуулоо максатында, 2022-жылдын 1,2-ноябрында бардык 4 администрациялык райондорунда делегаттардын жыйындары өткөрүлдү.