Бишкекте жол тескөөчүлөр уксус аралашмасын ичип алган 9 айлык наристеге жардам көрсөтүштү (видео)

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кызмат учурунда 9 айлык наристени куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кызматкерлерге тогуз айлык наристенин апасы баласына медициналык жардам керектиги жана жеке унааларында жетүү кечигип калаарын айтып кайрылган. «Наристе үйдө ойноп жатып дасторкон үстүндө турган уксус аралашмасын ичип алган. Кызматкерлер кызматтык унаада баланы кыска убакытта медицина кызматкерлердин колуна тапшырып беришти. Ата-энеле, балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууңуздарды суранабыз», — дешти.