Бишкекте Жолдош уулу Нурлан 2 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте Жолдош уулу Нурлан изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-декабрда Ленин РИИБге жаран кайрылып, 1996-жылы туулган уулу 26-ноябрда Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз экенин айтып кайрылган. Аталган факты каттоого алынган.

Жаран психикалык жактан жабыркайт. Кимде-ким сүрөттөгү жигитти көргөн болсо, 0(312) 352-605, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600, 0(705)450-553, 0(553)102-880 номурларына чалса болот.