Бишкекте кафеде пол жууган суюктук ичип алган наристенин ооз көңдөйү күйүп калган

Милицияга 10-мартка караган түнү шаардык балдардын клиникалык Тез жардам ооруканасынан «ооз көңдөйүнүн жана кызыл өңгөчтүн химиялык күйүгү» диагнозу менен 2021-жылы туулган бейтап тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 

Милиция барганда, баланын апасы 4-мартта баласы менен борбордогу соода борборунда болгонун, 3-кабаттагы кафедеги столдо пол жууган суюктук турганын, андан уулу бир ууртап жетишкенин айткан. Ал ошол замат кустурган, бирок бир нече сааттан кийин абалы начарлап ооруканага түшүп калган. Аталган факты каттоого алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.