Бишкекте кар менен кошо жолдор да ээрип кеттиби? Мэрия шаардагы жолдор качан оңдолорун айтты

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги жолдордун абалына нааразы болушууда. Алардын айтымында, кар менен кошо шаардагы жолдор да ээрип кеткен сыяктуу тамтыгы калбай калган. «Бир чуңкурдан буйтасаң, экинчисине түшөсүң» деп билдирип жатышат.

Жаздын келиши менен борбор калаанын жолдорундагы чуңкурлар боюнча жарандардан арыз-даттануулар көбөйүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдордогу чуңкурлардын пайда болушу табигый процесс, ал аба ырайынын өзгөрүшүнө жана жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнө байланыштуу.

Учурда «Бишкек асфальт сервис» ишканасы шаардын көчөлөрүнө мониторинг жүргүзүп, көйгөйлүү аймактарда убактылуу оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

«Борбордо суук аба ырайы сакталып жаткандыктан, чуңкурларга ысык асфальт төшөөнү баштоо мүмкүн болбой жатат. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жарандардын ыңгайлуулугу үчүн убактылуу материалдар менен гана абал жөнгө салынат. Туруктуу аба ырайы болгондо ишкананын кызматкерлери шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоо иштерин башташат», — дешти мэриядан. Мындан тышкары айрым көчөлөрдү толугу менен асфальттоо пландалууда.