Бишкекте кичи автобус менен троллейбустун мушташкан айдоочуларына сөгүш жарыяланды

Кечээ, 12-октябрда соцтармактын колдонуучусу Бишкекте кичи автобус менен троллейбустун айдоочуларынын ортосунда мушташ чыкканын жазып чыккан. Шаар мэриясы окуя боюнча үн катып, мушташка катышкан айдоочуларга сөгүш жарыяланганын билдирди.

«№199 маршруттук каттам менен №2 троллейбустун айдоочуларынын ортосундагы чыр боюнча Бишкек троллейбус башкармалыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда ички комиссия өткөрүлдү. Комиссиянын чечимине ылайык, кыймылдуу курамдын эксплуатация башчысына жана борт номери 1704 троллейбусунун айдоочусу Канатбек уулу Максатка сыйлыктан ажыратылбастан сөгүш жарыяланды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы жана айдоочунун насаатчысы эскертүү алды. «БайШамТранс» жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниянын инженери жана №199 маршруттук каттамдын айдоочусу Медетбеков У. сөгүш алды»,— деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ташуучу компанияга жана троллейбус башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине айдоочулардын курамы менен жүргүнчүлөрдү маданий тейлөө жана транспорттук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылганын билдиришти.