Бишкекте коомдук транспортто жол кирени көтөрүү пландалып жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев АКИpress агенттигине берген маегинде жол кире акысынын көтөрүлүшү, коомдук транспорттун абалы жана кыймылдуу курамды көбөйтүү пландары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, коомдук транспортто жол кирени көтөрүү пландалып жатат жана бир нече варианты бар.

1-вариант: Кандай болсо, ошондой калтыруу.

2-вариант: троллейбус — 15 сом, автобус — 15 сом, маршрутка 6:00дөн 20:30га чейин — 21 сом, маршрутка 20:30дан 6:00гө чейин — 32 сом, экспресс-маршруткалар — 22-32 сом.