Бишкекте кордолгон 13 жаштагы кыздын жакындары Жогорку Соттун алдына митингге чыгышат

22-мартта саат 10:00дө Бишкектин эски аянтында жайгашкан Жогорку Соттун имаратынын алдында зордукталган жашы жете элек кыздын жакындары митингге чыгышат.

Ошол күнү Жогорку Сотто эки милиция кызматкерине карата чыккан өкүмгө карата аппеляциялык арыз каралганы жатат. Буга чейин Жогорку Сот 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча төртүнчү айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Чогулгандар акыйкат өкүм чыгарууну талап кылышат.

Өткөн жылдын август айында Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан, «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылган болчу. 13-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу кыздын атасы менен байланышканыбызда, эки милиция кызматкеринин мөөнөтү Бишкек шаардык соту тарабынан кыскартылганын билдирген.