Бишкекте айдоочу күч колдонуп, жаш келинди кызы менен маршруткага салбай койду (видео)

Бишкектеги №203 маршруттук каттамдын айдоочусу унаага жаш келинди кызы менен салбай койду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеодон колуна кичинекей кызын кармап, коляскасын бүктөп жерге коюп, маршруткага түшүүгө аракет кылып жаткан келинди көрүүгө болот. Бирок айдоочу аны унаага отургузбаш үчүн күч менен унаанын эшигин жаап жатканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда келиндин да тырмышып, маршруткага түшүүгө аракет кылып жатканы көрүнөт. Тилекке каршы, колуна кызын кармаган келин унаага отура алган эмес.

Ал эми бул окуя боюнча тийиштүү тараптар комментарий берише элек.

maalymat-agenttigi-on-instagram-bishkekte-marshrutkanyn-aidoochusu-balaluu-ayaldy-tyrtkylop-unaaga-tyshyrboi-koidu-bishkekte-№203-marshruttuk-kattamdyn-aidoochusu-kolyaskasy-menen….mp4" />