Бишкекте мэрдин балатысы өттү (сүрөт)

Борбор калаада мэрдин балатысы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Балдардын жаңы жылдык «Жаңы жылдын жылдызы» спектаклине социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон 1 108 бала күбө болушту. Спектаклди «Таберик» балдар театрынын 250 жаш артисттери аткарышты. Иш-чаранын аягында бардык балдарга таттуу белектер тапшырылган.