Бишкекте милицияга 2 жаштагы бала жеткирилди. Анын ата-энеси изделип жатат

Бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00 чамасында Ботаникалык бактын аймагында коомдук транспорттун айдоочусу кичинекей баланы байкап калган. Андан соң бала милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Болжолдуу 2 жашта. Кимде-ким сүрөттөгү баланын ата-энесин билсе, 0(706) 942-502, 0(312) 54-41-84 номурларына чалса болот.