Бишкекте топтошуп мушташууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
17-август күнү Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү Бишкек шаарынын Гагарин жана Мурмонск көчөлөрүнүн кесилишинде Эржан аттуу бала дос балдары менен биргеликте арыз ээсин жана жашы жете элек эки бир тууган инилерин дубинка, газ ачкычы менен уруп сабагандыгын билдирип, мыйзамдуу чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп башталган. Шектүү катары 2002-жылы туулган 3 жигит жана 1992-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган.
Мындан тышкары, шектүүлөрдүн биринин унаасын текшерүү учурунда пневматикалык курал жана шектүүгө тиешелүү прокурордун жардамчысынын жасалма күбөлүгү табылган. Тергөө иштери улантылууда.












