23-сентябрдан 27-сентябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында пайдалануу укугуна 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү коммерциялык жактан жагымдуу радио жыштык ресурсун сатуу максатында үч лот боюнча онлайн-аукциондор өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:
— 1-лот боюнча – 40 МГц (2300-2340 МГц) үчүн 296 миллион 121 миң 600 сом суммасын сунуштаган «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom);
— 2-лот боюнча – 20 МГц (2340-2360 МГц) үчүн 353 миллион 235 миң 200 сом сунуштаган «НУР Телеком» ААК (О!);
— 3-лот боюнча – 40 МГц (2360-2400 МГц) үчүн 360 миллион 64 миң сом сунуштаган «Sky Mobile» ЖЧК (Beeline).
Натыйжада, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү радио жыштык ресурсун колдонуу боюнча үч лот 1 миллиард 9 миллион 420 миң 800 сом суммасына сатылды.
Көрсөтүлгөн радио жыштык ресурсуна лицензия 1998-жылы (Ала-ТВ ЖЧК) компаниясына Бишкек шаарында эфирдик-кабелдик телекөрсөтүү тармагын иштетүү үчүн берилген. 2017-жылы бул лицензия 1000 сомго узартылган, ал эми 2020-жылы компания тарабынан экинчи рынокто 1,5 миллион долларга (же учурдагы курс боюнча 127 млн 500 миң сом) суммада эфирдик-кабелдик телеберүүнү кеңири тилкелүү маалыматтарды берүү технологиясына өзгөртүү ниети менен сатылган. Бул кийинки сатык үчүн коммерциялык жактан жагымдуу болуп саналган. 2020-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Аскер прокуратурасы тарабынан айрым мамлекеттик органдардын кызматтык адамдары аркылуу радио жыштыктарды сатып алуу/сатуу жана аларга карай лицензияларды кайрадан тариздөө боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы коррупциялык фактылар аныкталып, ага бөгөт коюлган, анын натыйжасы боюнча бир катар кызматтык жактар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Көрсөтүлгөн радио жыштыктар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ишке ашыруу үчүн мамлекетке кайтарып берилген.
Кабыл алынган антикоррупциялык чаралардын натыйжасында мамлекеттин пайдасына кайтарылган радио жыштыктарды сатуу өлкөгө 1 миллиард сомдон ашуун киреше алып келди.










