Бишкекте соодагерлер митингге чыгышты (сүрөт, видео)

Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Максим Горький гүлбагында соодагерлер митингге чыгышты. Митингге “Дордой-Дыйкан”, “Дордой-Моторс”, “Азиз базар”, “Ош базар” базарларынын ишкерлери чыгышты.

Чогулгандарга Салык кызматынын төрагасынын орун басары Ислам Кыдыргычев чыкты. Бирок ага сүйлөөгө уруксат беришкен жок. Митингчилер президент Садыр Жапаровду жана Жогорку Кеңештин депутаттарын ККМ киргизүү боюнча Министрлер кабинетинин токтомдорун жокко чыгарууну, патент системасынан чыгып, алардын үнүн угууну талап кылышууда.