Бишкекте Украинадагы Орусиянын аракеттерин колдогон митинг өтүп жатат

Бүгүн, 22-мартта Бишкекте Украинадагы Орусиянынын аракеттерин колдогон митинг өтүп жатат. Ал концерт менен коштолуп, шаардын Максим Горький атындагы сейил багында уюштурулду. Катышуучулар «Орусия — биздин стратегиялык өнөктөш», «Улутчулдук жок дүйнө», «Батыштын саясатын пайда алып келбейт», «Биз фейктерге каршыбыз» жана башка жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында бир канча жолу Украинаны колдогон митинг болуп өткөн эле.