Бишкекте үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды

Аба ырайынын суук болушуна байланыштуу үй-жайсыздарга социалдык кызмат көрсөтүү үчүн шаарда туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

1-ноябрдан тарта эки райондо – Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, ал жакка көптөгөн үй-жайсыз адамдар тамактанып, жылынып, түнөгөнү барышат. Октябрь районунун убактылуу баш калкалоочу жайы 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашып, 80 орунга ылайыкталган. Баш калкалоочу жай менен 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот. Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында, Фере көчөсү 34А дарегинде жайгашкан. Имарат кайра жасалгаланып, терезелери айнектелген, электр жарыгы, керебеттер, оңдолуп бүттү. Төшөктөр сатып алынган. Биринчи май районунун аймагында жыл бою Жибек-Жолу №423 дарегинде 70 орунга эсептелген «Коломто» муниципалдык ишканасы иштейт. Ал жерде минималдуу кызматтар көрсөтүлөт: бир жолку ысык тамак, жатакана, жуунуу, санитардык тазалоо, буюмдар менен камсыз кылуу.

Баш калкалоочу жайга кайрылгандар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн борбор калаанын бардык баш калкалоочу жайларында милиция кызматкери ар дайым нөөмөттө болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп турушат.