Бишкекте зомбулукка кабылган аялдар үчүн муниципалдык кризистик жана реабилитациялык борбор ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, эл аралык уюмдар аялдардын жашоосун жакшыртуу үчүн биргеликте иш алып барууга ниетин билдиришкен.
«Зордук-зомбулукка кабылган, турмуштук оор кырдаалда турган аялдар үчүн биринчи муниципалдык кризистик жана реабилитациялык борборду ачууну пландап жатабыз. Бул жерге балдар менен жайгашууга болот. Психологдор жана социалдык кызматкерлер иштешет. Ошондой эле жарандык сектордогу жана эл аралык уюмдардагы өнөктөштөрүбүз мындай аялдардын жашоосун жакшыртуу үчүн биргеликте иш алып баруу ниетин билдиришти», —деди Чыныбаева.











