Бишкектеги Абдымомунов көчөсү Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктады. Оңдолгон участоктун жалпы узундугу 620 метрди түзөт. Реконструкциядан кийин жолдун туурасы 8 метр, тротуардын туурасы 1,5 метрден 3 метрге чейин жетет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда башкармалык тарабынан борбор калаанын 22 көчөсүндө курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы узундугу 15,55 чакырымды түзгөн 12 көчөдө асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүңкү жана төмөнкү катмарын төшөө иштери жүрүп жатат:
— Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
— Ак-Босого жаңы конушундагы Архитектор көчөсү Киргизская көчөсүнөн көпүрө куруу МККга чейин;
— Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
— Энесай конушундагы Култегин көчөсү вокзалындагы Гидростроителей көчөсүнөн Энесай-20 көчөсүнө чейин;
— Кривоносов көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;
— Коенкөзов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин;
— Маликов көчөсү Гагарин көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;
— Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
— Жайыл-Баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
— Шабдан-Баатыр көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Миң-Булак көчөсүнө чейин;
— Кулатов көчөсү Каракульская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
— Турусбеков көчөсү-Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин.