Бишкектеги Москва менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде көпүрөдөн Ала-Арча суусуна болжол менен 35-40 жаштагы эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, эркек кишини каналдан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.