11-апрелде “Ала-Тоо” аянтында мэрдин орун басары Азамат Кадыровдун, Биринчи Май районунун башчысы Сарылбек уулу Уландын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо маселеси боюнча көчмө жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Инфраструктураны жакшыртуу, шаардыктар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо максатында “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо долбоорун баштоо талкууланды.
Бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат. Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде “Ала-Тоо” аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.
Бишкек мэриясы реконструкциялоого байланыштуу пайда болушу мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram