Бишкекте башкы балаты орнотула баштады. Быйыл жери өзгөрдү (сүрөт)

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына балаты орното башталды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өлкөнүн башкы балатысынын темирин кураштырып жатышат.

«Быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулууда. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, алкагына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Шаарды Жаңы жылга карата кооздоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат.