Бишкектеги Ататүрк паркына 50 жаңы чырак орнотулду

Борбор калаадагы Ататүрк паркына 50 жаңы чырак орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сейил бактын аллеяларынын биринде жана Ооган жоокерлеринин эстелигинин айланасында жарыктандыруулар жаңыртылган.